Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

ИИМдин Коомдук кеңеши Жайылдагы кандуу окуя боюнча маалымат угат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши бүгүн Жайыл милициясындагы кандуу окуя боюнча мекеменин маалыматын угат.
Бул тууралуу Коомдук кеңештин өкүлдөрү билдиришти.

Кыргызстанда коомчулук 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлүшүн сынга алууда.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө маркумду ала качып баратканда кармалган киши аны бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган.

Кыздын жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон.

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө байланыштуу кызматтык иликтөөдөн кийин Чүй облустук милициясынын жетекчиси Нурлан Сарчаев орун басарлары Марлис Асанов жана Канат Жумаев менен кошо 4-июнда иштен алынган. Мындан тышкары Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Муратбек Исмаилов да кызматынан бошотулган. ИИМ жалпысынан 23 адам жазаланганын, алардын 13 кызматкер иштен бошотулганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG