Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

НАТО Орусия келтирген коркунучтан коргонуу ниетин билдирди


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

"Ассошиэйтед пресс" агенттиги кабарлагандай, НАТОго кирген мамлекеттердин коргоо министрлери 7-июнда Брюсселдеги жыйында кризис учурларында альянстын Европадагы аскердик иш-аракеттеринин жаңы пландарын макулдашты.

Ал планда бир ай ичинде кошумча аскердик техника менен күчтөрдү жайгаштыруу маселеси камтылган. 2020-жылы ишке ашаары айтылган бул план тууралуу мындан башка кеңири маалымат берилген жок.

НАТО Орусиянын аскердик-деңиз күчтөрүнүн жигердүүлүгү байкалган Жер Ортолук деңизинде аскерлерин күчтөндүрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, 1200 кишиден турган бөлүк түзүлүп, алар НАТОнун жаңы аймактык башкармалыктарына баш ийээри күтүлүп жатат. АКШнын Виржиния штаты менен Германиянын Ульм аймагында жайгашкан бул борборлорго Европада кандай чатак чыкпасын логистиканы камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммитте уюмдун ич ара биримдиги тууралуу да сөз болгонун айтты:

- Көп министрлер НАТОнун ынтымагынын маанисин белгилешти. Алар өзгөчө Орусия бизди бөлгөнгө аракеттенип жатканда бирдиктүү болушубуз керек экенин айтышты.

НАТОнун курамындагы мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйыны уюмдун лидерлеринин саммитине беш жума калганда өттү. Алдыдагы саммитке АКШнын президенти Дональд Трамп да катышаары айтылган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG