Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Салык кызматы депутат Жолдошбаевдин декларациясын текшерет


Сүрөт "Kaktus Media" сайтына таандык.
Сүрөт "Kaktus Media" сайтына таандык.

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып мамлекеттик кызматкерлердин салык декларацияларын текшерүүнү баштайт. Анын алкагында буга чейин маалымат каражаттарында жарыялаган Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин үйү жана мүлкү да текшерилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Буга чейин "Kaktus Media" басылмасы Бишкекте депутат Жолдошбаев жашаган үй тууралуу кабар чыгарган. Борбор калаанын Бакаев көчөсүндө жайгашкан 2,5 гектар жер тилкесинде салынган чоң үйдө депутат жашарын анын жардамчысы жана турак жайдын күзөтчүлөрү бышыкташкан. Бирок бул үй Жолдошбаевдин мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Бул кабардан соң Мамлекеттик салык кызматы алгачкылардын болуп депутат Жолдошбаевдин декларациясы текшерилиши мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми "Клооп" басылмасынын журналисттери аталган үй “Беш-Сары” компаниясына катталганын жазып чыкты. Камчыбек Жолдошбаев “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну катары белгилүү.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Камчыбек Жолдошбаев парламенттеги билдирүүлөрү менен белгилүү. Ал буга чейин өлкөнүн тышкы карызын ишкерлерден чогултуп, төлөөнү сунуш кылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG