Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:43

Бурулайдын окуясы үчүн депутат ички иштер министринин орун басарынын иштен кетишин талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңеши Жайыл райондук милициясында каза болгон Бурулай Турдалы кызынын окуясын талкуулоого чогулду.

Анын жүрүшүндө Коомдук кеңеш мүчөлөрү милиция кызматкерлеринин шалаакылыгын сынга алышты. Аталган кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул окуя боюнча ички иштер министринин орун басарынын кызматтан кетишин талап кылды:

- Ала качууга дуушар болгон кыз аны коргой турган милиция бөлүмүндө өлүмгө учураганы өтө уят көрүнүш. Буга түздөн-түз милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги себеп болду. Эми ушул иш боюнча райондук жана облустук милициянын жетекчисинин иштен кеткени аздык кылат. Бул маселе боюнча ички иштер министринин орун басары иштен кетиши керек. Ал эми министрдин өзү бул кызматка келгенине бир ай боло элек болгондуктан, аны "иштен кет" деп айтуу туура эмес, - деди Нышанов.

Нышанов министрдин кайсы орун басары кызматтан кетиши керек экенин ачык айткан жок.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. Бул окуяны иликтеп чыгууну президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган.

Кызматтык иликтөөдөн соң Чүй облустук милициясынын башчысы баш болгон 20дан ашуун кызматкер иштен алынган. (ErN/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG