Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:38

ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров боюнча териштирүү жүрүп жатат


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан. Ал өлкө сыртына чыгыш үчүн министрдин уруксатын алышы керек болчу.

- Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан. Учурда айрым маалымат каражаттары Абдыкаровдун Казакстан аркылуу Түркияга учуп кеткенин жазып жатышат. Бүгүн бул боюнча тиешелүү кызматтар текшерип жатат. Бирок ар бир милиция кызматкери чет мамлекетке чыгыш үчүн тиешелүү жетекчинин уруксатын алыш керек. Андай уруксат Абдыкаровго берилген эмес, - деди ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов.

Генерал Данияр Абдыкаров - ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары. Буга чейин анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG