Москва районундагы Беловодское айылында эл ташыган поезд ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсыктан жүк ташуучу унаанын айдоочусу алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болду. Учурда кырсыктан чоо-жайы иликтенүүдө.
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери темир жолдо адамдар менен байланыштуу 89 кырсык катталды. Андан тогуз киши каза тапты. Он бир адам оор жараат алды. (BkA)