Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Сагынбаев: коррупция өлкө экономикасынын бардык тармактарына терең кирди


Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

Кыргызстандагы айрым аткаминерлердин өлкө бюджетин уурдаганы миллиарддаган сомго чейин зыян тийгизүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Башкы прокуратуранын координациялык кеңешинде билдирди. Ал мындан кийин коррупцияга айыпталган жетекчилер буга чейин ээлеген кызматына карабай жазага тартыларын билдирди.

Сагынбаев учурдагы коррупцияга каршы күрөштү өлкө жетекчилиги толугу менен колдоп жатканын билдирип, ал бийликтин жогорку баскычтарында күчөтүлөрүн кошумчалады.

Быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылган. Ошондон кийин бир катар мурдагы жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ушул аптада коррупцияга айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды.

Бул саясатчылардын тарапкерлери күрөш саясий негизде болуп, тандалма жүрүп жатканын билдиришүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG