Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Мурдагы вице-премьер Зилалиевдин соту жылдырылды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту карап жаткан экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин териштирүү 18-июнга жылдырылды. Бүгүнкү жараянда күбө катары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көрсөтмө беришти. Кийинки жыйында айыпталуучу Зилалиев сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Зилалиевге карата президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон.

Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага болсо "1532 ВК" мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан.

30-мартта УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузуп, ага карата эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы каралган. (BkA)

XS
SM
MD
LG