Болгариянын парламенти Белене атомдук станциясын куруу планын жандандырууну жактырды. Орусиянын долбоору 5 жыл мурун каржылоонун тартыштыгынан улам токтоп калган. Андан тышкары Болгариянын бийлиги орус энергия булактарына көз каранды болуудан чочулап жатканын билдирип жүргөн.
7-июнда парламент Дунай дарыясындагы станцияны куруу планын жандандыруу жөнүндө премьер-министр Бойко Борисовдун сунушун колдоду. Курулуш октябрда уланышы күтүлүүдө.
София буга чейин долбоорго 1,8 миллиард доллар сарптаган. Бирок 2012-жылы АКШ менен Евробиримдик аны орус энергия булактарынан көз каранды болуп калышы мүмкүн экенин эскертишкенден кийин курулушка мораторий жарыялаган. Муну менен катар орусиялык "Атомстройэкспорт" компаниясы инвестор таба албай койгон. Долбоорду ишке ашырууга болжол менен11,8 миллиард доллар керек.