Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Коррупцияга каршы сот түзүү боюнча демилге көтөрүлдү


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кыргызстанда коррупцияга каршы тергөө жана сот түзүү жөнүндө демилге көтөрүлдү. Аны саясатчы Равшан Жээнбеков сунуш кылды. Анын айтымында, өлкөдө коррупцияга каршы күрөштү бейтарап жана калыс жүргүзүш үчүн ушундай орган түзүү зарылчылыгы турат. Экс-депутат учурда мурдагы бийлик өкүлдөрүнө коррупция боюнча айып коюлганы менен аларды тергөө жана сот чечим чыгаруу калыс жүрөрүнөн күмөн санагандар көп экенин билдирди.

“Бул талкуу жаратчу, эл аралык юридикалык тажрыйба. Буга чейин Атамбаевге кызмат кылган УКМК эми Атамбаевдин тегерегиндегилерди камоодо. Буга чейин экс-президентке көз каранды соттор эми Атамбаевдин тегерегин соттойт. Бул институционалдык деградация, тирешүү”, - деди Жээнбеков.

Ошондуктан ал Украинадагыдай коррупцияга каршы тергөө органын жана сот түзүп, ага кесипкөй адистерди тартууну сунуштады.

Быйыл 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылган. Ошондон кийин бир катар мурдагы жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ушул аптада коррупцияга байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды.

Бул саясатчылардын тарапкерлери күрөш саясий негизде болуп, тандалма жүрүп жатканын билдиришүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG