Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 11:06

Максат айылына кирген Тажикстандын жарандары чыгарылды


Кулунду айылында болгон чатак. 4-июнь, 2018-жыл.

8-июнь күнү Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Максат айылынын Тажикстан менен чек арада турган талаштуу футбол аянтына тажикстандык жарандар түшкө жуук келип, аянтты иретке келтирүү иштерин баштаган.

“Жарандар футбол талаасынын чиймелерин оңдоп, таштандылардан, чөптөн тазалай баштаган учурда кошуна өлкөнүн чек арачылары четтен курал менен карап турушат” - деп Максат айыл тургундары “Азаттыкка” билдиришти.

Мындай учур болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы “Азаттыкка” тастыктап, бул чагым аракеттеринен жаңжал тутанып кетпеши үчүн кошуна өлкө чек арачылары менен жергиликтүү деңгээлде сүйлөшүү жүрүп, тажик жарандары талаштуу аянттан чыгарылганын маалымдады.

4-июнь күнү Максат айылынын тургундары чек арадагы футбол аянтында жайма базар ачуу аракетине кошуна өлкө чек арачылары каршы чыгып, жаңжалга айланган. Эки өлкө чек арачыларынын тирешүүсүндө ок атылып, тажикстандык үч чек арачы 4 куралы менен чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалып кийи коё берилген. Окуядан кийин эки өлкөнүн башкы чек арачылары Тажикстандын аймагында жолугуп, чек арада талаш чыккан учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алышкан. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG