Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:01

Макрон Трампты соода согушун тутантпоого чакырды


Эммануел Макрон.
Эммануел Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон АКШнын президенти Доналд Трампты “шериктер ортосунда соода согушун баштабоого” чакырды. Макрон ошондой эле Трамп "Чоң жетиде" изоляцияга туш болуп калышы ыктымал экенин эскертти.

“Америкалык президент, балким, обочодо калышын көзгө илбейт, бирок биз да алты өлкө ортосунда келишимге кол койсо коёбуз”, - деди француз мамлекет башчысы Канадада башталып жаткан саммиттин алдында премьер-министр Жастин Трюдо менен жолугушуудан кийин.

- "Чоң жыйырманын" калган алты мамлекети чыныгы эл аралык күч, алар бириксе Американынан чоң рынокту түзөт. Биз өз ара уюшулсак, дүйнөлүк гегемонияга жол берилбейт. Биз андай гегемонияны каалабайбыз. Мен көп тараптуу кызматташууга ишенем жана гегемонияны четке кагууга бар аракетимди жумшаймын.

Трамп буга жооп кайтарып саммитке “өлкө кызыкчылыгы үчүн күрөшүүгө баратканын”, “азыркы соода келишимдери өтө начар” экенин "Твиттерге" жазды.

Ак Үйдүн маалыматына караганда, АКШнын президенти эки күндүк жыйындан пландалгандан эрте кетет. Трамп айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттагы өзгөрүүлөргө арналган сессияларга катышпайт. Мунун себеби катары Макрон жана Трюдо менен пикир келишпестиктер аталууда.

Комшо Штаттар бир нече күн мурун Канада жана Европадан алынып келген алюминий жана болотко салыктарды көтөрүп, өнөктөштөрдүн нааразылыгын пайда кылган.

XS
SM
MD
LG