Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:11

Кытай айыл чарба продукцияларын кара жол менен ташууга уруксат берди


Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдиришинче, Кытай айрым продукцияларды кара жол менен алып кирүүгө уруксат берди.

- Уруксат алганга сүйлөшүүлөр жүрдү. Быйыл дыйкандар айрым айыл чарба продукцияларын автоунаа менен алып кирсе болот, - деди Мурашев.

Мурашев ушул күндөрү кыргыз президентинин мамлекеттик визитинин делегация курамында Кытайда жүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-июнда мамлекеттик визитинин алкагында Кытайдын айыл чарба илимдер академиясына барып, айыл чарба продукцияларынын жаңы сортторун өстүргөн күнөскананы жана лабораторияны көрдү.

Буга чейин Кытай мамлекети менен айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн экспорттоого келишим түзүлгөн. Бирок, анда аба жолдору менен гана ташууга уруксат берилген. 2017-жылы Кыргызстан Кытайга 40 тонна кокон гилас жөнөткөн. (KE/TSh)

XS
SM
MD
LG