Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

“Талибан” ооган бийлиги менен утурумдук элдешүүгө макул


"Талибан" согушкерлери.
"Талибан" согушкерлери.

"Талибандын" согушкерлери ооган бийлигинин орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу ок атышууну токтотуу сунушуна макул болду. Бирок, талиптердин билдирүүсүндө “сырткы күчтөргө” каршы чабуул улантыла берет деп жазылган.

Ооган президенти Ашраф Гани 7-июндагы видеокайрылуусунда, "Талибан" менен ок атышуу орозонун соңундагы Айт майрамына байланыштуу 12-20-июнь күндөрү токтотуларын билдирген.

Ооган президенти белгилегендей, мамлекеттин коопсуздук күчтөрү бул убакта "Талибандын" согушкерлерине каршы чабуулдардын токтотот. Бирок аскерлер “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун, “ал-Каиданы” жана башка эл аралык террордук топторду бутага ала берет.

Жакында бул өлкөнүн Уламалар кеңеши Кабулдагы жыйынында жанкечтилердин чабуулдарын исламдын жол-жобосуна каршы келген “арам” иш деп баалап, атайын чечим чыгарган.

"Талибан" апрель айында жазгы чабуул башталгандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы көбүрөөк кол сала баштады. Жардырууларды “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары да уюштуруп жатышат. Кыянатчылыктын деңгээли Ооганстанда орозо маалында басаңдаганы байкалган жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG