Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Кытайда виза маселеси көтөрүлдү


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргызстандык ишкерлерге виза берүүнү жеңилдеттүү маселеси көтөтөрүлдү. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Бул маселени президент Кытайдын төрагасы жана премьери менен жолуккан учурда көтөрдү. Тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди. Тагыраак айтканда, биз бул багытта ишти алып барабыз. Кудай буюрса маселе чечилет.

Буга чейин Кытайга каттаган кыргызстандык ишкерлер менен жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары виза ала албай убара тартып жатканын айтышкан. Тышкы иштер министрлиги буга Кытай тараптын чет өлкөлүк жарандарга виза берүү тартибин катаалдаштырганы себеп болгонун белгилеген. 2016-жылдын 1-январынан тарта Кытай чет мамлекеттик, анын ичинде кыргызстандык жарандарга да виза берүү тартибин катаалдаштырган. Ага чейин Кыргызстандын жарандары Кытайга жеңилдетилген виза алышчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG