Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:51

Чек арада кутулардын арасына катылган автоунаа табылды


Кыргызстанга BMW X6 үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган айдоочу кармалды.

Чек ара кызматынын маалыматында, ак түстөгү BMW X6 үлгүсүндөгү автоунаа чиркегичи бар чоң жүк ташуучу машинеге жүктөлгөн кутулардын арасына катылган.

Маалыматка ылайык, ал Орусиядан алынып келаткан автоунаа Казакстандан Кыргызстанга өтмөк. Жүк ташуучунун документтеринде жүк турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар деп көрсөтүлгөн.

Учурда бул фактыны териштирүү үчүн материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы кызматына өткөрүлүп берилди. (TSh)

XS
SM
MD
LG