Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:40

Ак-Талаа районундагы Ак-Талчат көпүрөсүнүн курулушу 15-июнга чейин аяктайт. Бул маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин 8-июнда Нарындагы иш-сапары учурунда айтылды.

Быйыл жазында райондон облус борборуна жана башка айылдарга өтүүчү, узундугу 141 метрди түзгөн көпүрө бузулуп, район тургундары эки жакка аркан менен каттап калышкан. Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин айтымында, 2017-жылдын апрель айында жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында көпүрө тирөөчтөрүнүн суу астында калганы аныкталган.

Бул көпүрөнү оңдоп-түзөө иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин бөлүм башчысы Арстанбек Ибраев камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189 ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") беренелери боюнча айып тагылган. Сот чечимине ылайык, мурдагы жетекчи тергөө аяктаганча УКМКнын абагында кармалат.

УКМКнын маалыматына караганда, ал Ак-Талаа районунун Ак-Талчат айылында Нарын дарыясындагы көпүрөнү оңдоо үчүн “Кербен жол курулуш” ишканасы менен 45,8 млн. сомго мыйзамсыз келишим түзгөн. Жыйынтыгында эч кандай кепилдиги жок эле ишканага 35 млн. сомду которгон. Мамлекеттен акча коротулганы менен ал көпүрө пайдаланууга берилген эмес. (TSh)

"Азаттыктын" архиви: Аркы өйүзгө аркан менен өткөн эл.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG