Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 06:49

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон Кытайдын Циндао шаарында жолукту.

Тараптар аймактагы диний терроризм жана экстремизмдин абалы жөнүндө сүйлөшүп, аларга каршы турууну чогуу күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жээнбеков өз сөзүндө кыргыз тарап Тажикстан менен мамилеге өзгөчө көңүл бурарын, эки тараптын тең кызыкчылыгын камтыган кызматташтыкта, чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүгө ачык экенин белгиледи. Эки лидер тең чек арадагы делимитация, демаркация иштерин эртелетүү зарыл деген пикирин билдиришти.

Кыргызстандын президенти Циндао шаарына Бээжинден учуп барды. Ал 6-8-июнь күндөрү Кытайда мамлекеттик сапарда болду.

Бул ирет ШКУнун саммити “сегиздик” форматында өтөт. Ага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Орусиянын президенттери катышат. Анда маданий-гуманитардык маселеден тартып, экономика, коопсуздук боюнча сөз болору айтылууда. (TSh/KE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG