Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Казакстан Орусиянын тоок фабрикаларынын продукцияларына чектөө киргизди


Казакстандын Айыл чарба министрлиги Орусиянын бир нече компаниясынын продукциясын киргизүүгө убактылуу тыюу салганын жарыялады. Министрликтин расмий сайтында мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин чечим кабыл алынганы жазылган.

Ага ылайык, орусиялык төрт тоок фабрикасынын продукциясынан колиформ бактериялары жана сальмонелла табылган.

Айыл чарба министрлигинин тыюу салуусуна орусиянын колбаса чыгарган “Царицыно” компаниясы дагы илинди. Казак тараптын маалыматында тоок этинен жасалды деген продукциядан чочконун ДНКсы табылган.

- Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстандын Айыл чарба министрлиги импорт кылган өлкөнүн тийиштүү органдарына кат жөнөттү,- деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө. Бирок анда чектөөлөр качан алынары маалымдалган эмес.

Казакстандын мындай тыюу салуусу расмий Москванын эки казак компаниясынын сүт азыктарына убактылуу чектөө киргизилет деген пландоосуна туш келүүдө. Буга чейин Орусия айыл чарба көзөмөл органы 1-июлдан тартып Казакстандын эки сүт компаниясынын азыктарына тыюу салынат деп билдирген. Мындай чечимди Москва Орусияга сүт ташууда алдамчылык схемалары аныкталганы менен түшүндүргөн.

Орусия жана Казакстан соода-сатык, товар жүгүртүүнү жеңилдетүү үчүн түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинине мүчө мамлекеттер. Орусия үстөмдүк кылган бул биримдикке Кыргызстан, Беларус, Армения өлкөлөрү дагы мүчө. (TSh)

XS
SM
MD
LG