Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:41

Лейлекте сел жүрүп автоунаа жолдору жабылды


Бүгүн, 9-июнда Баткендин Лейлек районунда кечке маал катуу жааган жамгырдан Лейлек айыл аймагынын Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Катуу жамгырдын айынан Коргон – Катраңдын 16-21- чакырымы жана Исфана – Андарак - Көк-Таш айылдарынын ички автоунаа жолдорунун 14-18 - чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Мындан сырткары Кара-Суу айылында балдар бакчасынын имаратын, 30 үйдүн, ал эми Ак-Терек айылында 25 үйдүн үйдүн короосун суу каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Баткен облусундагы тийиштүү кызматтары жана №13 Жол тейлөө ишканасы иштеп жатат. Жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп, кошумча маалымат берилет. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG