Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Кытайда ШКУнун саммити башталды


Jeenbekov shina 2018 shos
Jeenbekov shina 2018 shos

Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин кезектеги саммити башталды.

Алгачкы жолу саммит “сегиздик” форматында өтүп, ага уюмга кирген Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистандын президенттери жана Индиянын премьер-министри катышууда. Пакистан менен Индия 2017-жылы уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп кирген. Байкоочу мамлекеттер - Монголия, Беларус, Ооганстан жана Ирандын лидерлери, уюмдун диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү катышууда.

Саммиттин башталышында Кытайдын төрагасы Ци Цзинпин сөз сүйлөп, мүчө өлкөлөрдүн саны кеңейип, уюмдун жоопкерчилиги барган сайын күчөп баратканын билдирди.

Уюмдун мүчөлөрү алгач 1+1 форматында, чакан, андан кийин кеңири чөйрөдө жыйын өткөрөт. Жыйындын негизги, саясий документи ШКУнун Циндао декларациясы болмокчу. Бул документте уюмду жакынкы жылдарда өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жоболору жазылган. Мындан сырткары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнө тиешеси бар бир катар чечимдерди талкуулап, кабыл алуу, саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, коопсуздук жана тышкы байланыш жаатындагы документтерди бекитүү мерчемделген.

Саммитте кытай тарап ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешине төрагалыгын (2017-2018-жж.) аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет. ШКУ саммити Кыргызстанда 2013-жылы өткөн.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитине катышуу үчүн Бээжинден, Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин учуп келген. Саммит Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Сары деңиздин боюндагы Циндао шаарында өтүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG