Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:15

ШКУ: Кытай инвестициялык долбоорлорго 30 млрд. юань бөлөт


Кытай Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында инвестициялык долбоорлор үчүн 30 млрд. юань же 5 млрд. долларга жакын каражат бөлөт. Бул тууралуу учурда Циндао шаарында өтүп жаткан ШКУ саммитинде Кытайдын лидери Си Цзинпин жарыялады.

Жыйындын башталышында сөз сүйлөгөн Си Цзинпин Кыргызстандын атынан алгачкы жолу катышып жаткан мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду куттуктап, өткөн жылы уюмга мүчө болгон Пакистан менен Индиянын ишине ийгилик каалады.

ШКУ саммити быйыл алгачкы жолу “сегиздик” форматында өтүп жатат. Ага мүчө өлкөнүн лидерлери, байкоочу өлкөлөр, БУУнун башкы катчысынын орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрү катышууда.

Саммитке катышкан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ 3 млрд. калктын, Евразия аймагынын 60% камтыган дүйнөдөгү эң ири уюм болуп калганын белгиледи. Жыйында коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелери талкууланып жатат. Соңунда Циндао декларациясы менен бир катар документтерге кол коюлат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG