Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Чет жакта жүргөн кыргызстандык өзбек саясатчылар президентке кайрылды


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Сегиз жыл мурда болгон июнь окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен кыргызстандык өзбек саясатчылар жана коомдук ишмерлер: К. Батыров, Х. Худайбердиев, Р. Эгамбердиев, Б. Ахмедов, Х. Каримов, Й. Салимов, Д. Хайдаров президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.

Анда алар жеке коопсуздугу үчүн аргасыздан башка мамлекеттерде баш калкалап жүргөнү, БУУ баштаган адам укуктары боюнча бир катар эл аралык уюмдардын июнь окуясы боюнча кайрылууларына бийлик көңүл бурбай, коогалаңга байланыштуу кылмыш иштери калыс иликтенбей калганы айтылат. Коогада кыйноого кабылып, үй-мүлкүн, байлыгын, кызматын жоготкондор акыйкаттык таппай келатканын, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин бардык окуяны калыс иликтөө чакырыгына көңүл бурулушу керектигин белгилешкен. Кайрылгандар бир гана эл аралык уюмдардын чакырыгын эмес, сегиз жылдан бери зарыгып уул-кызын күткөн энелердин үнүн угууну суранышкан.

Кайрылуу ээлери президент Сооронбай Жээнбековго каргашалуу окуяны калыс тергөө үчүн эл аралык уюмдардын катышуусунда атайын тармак түзүүнү сунуштаган. Ошондой эле биринчи Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына, жалпы эл аралык Адам укуктары боюнча декларациянын 70 жылдыгына байланыштуу акыйкат эмес чечимдин курмандыктарын, оор кылмыш кылбагандарды бошотууну суранышат. 2010-жылкы коогалаңдагы окуяга күнөөлүү деп өмүр бою соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча БУУнун бошотуу чакырыгын аткаруу керектигин белгилешет.

Коогалаңдын чыгышына себепкер болгондорду аныктоо үчүн ага байланыштуу саясатчыларды, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тиешесин иликтеп, мыйзам чегинде жаза берүүнү суранышары айтылат кайрылууда.

Бүгүн 2010-жылдагы июнь окуясынын сегиз жылдыгы эскерилип жатат. Андан бери массалык башаламандыкка байланыштуу жүздөн ашуун адамга издөө жарыяланган. Этникалык кагылышты уюштурду деген шек менен Интерполдун линиясы боюнча 37 адам эл аралык издөөгө берилген. Алардын арасында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудинов сыяктуу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү жана саясатчылар бар. Бирок алар ар кандай жагдайлардан улам ушу күнгө чейин кармалып, алынып келе элек.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу табыла элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG