Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков ушул жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк "Көчмөндөр оюнундагы" спорттук иш-чараларга Шанхай кызматташтык уюмунун бардык мамлекеттеринен командаларды катышууга чакырды.
Жээнбеков өз сөзүндө "Көчмөндөр оюнун" БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы диний, улут аралык диалогдун, өз ара мамиленин жана кызматташуунун инструменти катары тааныганын белгиледи.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитине катышуу үчүн Бээжинден, Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин учуп келген. Саммит Кытайдын чыгышындагы Шаньдун провинциясындагы Циндао шаарында өттү. (KE/TSh)