Бүгүн, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү жана Чыңгыз Айтматовдун жакындары жазуучунун “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги кабырына гүл коюп, куран окушту.
Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнь күнү каза тапкан.
Быйыл улуу жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ар кандай маданий иш-чаралар өлкө боюнча өтүп жатат. Мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар жазуучунун чыгармачылыгы боюнча ар кандай сынактарды жарыялашты.
“Азаттык” дагы Чыңгыз Айтматов тууралуу эң мыкты дилбаян, сүрөт, видео материалдарга сынак жарыялаганын эске салабыз. Улуу жазуучу Айтматов тууралуу эмгегиңизди 1-июндан 31-октябрга чейин azattyk.synak@gmail.com электрондук дарегине жибере аласыз. Онлайн сынактын жеңүүчүлөрү ноябрда “Азаттыктын” баалуу белектери менен сыйланат.