Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Абактагылар ачкачылык кармоону улантууда


9-июнда Омбудсмен аппаратынын кызматкерлери Молдовановкадагы №27 колонияда ачкачылык жарыялагандар менен жолугуп чыкты.

Акыйкатчынын өкүлдөрү аларды ачкачылык кармоодон баш тартууга чакырган. Абактагылар ачкачылыкты талаптары аткарылганда гана токтоторун билдирген. Мекеменин расмий сайтында 11-июнда бул тууралуу кененирээк маалымат берилери жазылат.

Омбудсмен аппаратынын маалыматында учурда абакта 60 киши ачкачылык кармап, анын ичинен 11 киши колун кесип, 10 киши оозун төөнөп алган.

8-июнь күнү Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакта 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялаган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) маалыматына ылайык, ачкачылык кармаган соттолуучулар абактын шартына нааразылык билдирип жатышат.

Ал эми Кыйноого каршы улуттук борбор абактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат 5-июнда келип түшкөнүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG