11-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Нарында түнкүсүн 5…10; күндүз 17…22.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16...18, күндүзгү жогорку температурасы 27…29 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.