Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Ким Чен Ын Трамп менен жолугуу үчүн Сингапурга келди


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурга учуп келди. Бул тууралуу Сингапурдун тышкы иштер министри тастыктап, Түндүк Кореянын лидери менен аэропортто учурашып жаткан сүрөтүн Твиттерге койду.

Ушул эле күнү кечинде Трамп жана америкалык делегациянын келиши күтүлүп жатат. АКШ президентин мамлекеттик катчы Майк Помпео жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон коштоп келет.

Трамп Сингапурга жөнөп жатып өзүн “ишенимдүү” сезип жатканын журналисттерге айткан. "Баарлашуунун алгачкы мүнөтүндө эле Ким Чен Ындын ниетин түшүнүп жана анын тынчтыкка умтулуусу сезилбесе, “убактымды коротпойм”, - деди Трамп.

АКШ менен Түндүк Корея лидерлеринин жолугушуусу 12-июнда өтөт жана ал тарыхый окуя катары сыпатталууда. Буга чейин эки өлкөнүн жетекчилери бир да жолу жолуккан эмес. Биринчи жолушууда өзөктүк куралдын маселеси көтөрүлөрү айтылып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG