Иран АКШны өзөктүк программа боюнча келишимден чыгуу аракетинен баш тарттырууга берилген мөөнөт аяктап жатканын ЕБ лидерлерине эскертти.
“Келишимди сактап калуу колуңардан келерин азыр көрсөтүшүңөр керек. Иран Европанын саясатчыларынын бүтпөгөн убадасын күтүп отура бербейт. Талкуулоо мөөнөтү аяктап калды. Европа чечкиндүү кадам жасабаса, Иран өзөктүк жана башка программалар боюнча кийинки кадамдарга өтөт”, - деди өлкө парламентинин спикери Али Ларижани.
Ирандын президенти Хасан Роухани Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде сүйлөп, АКШнын саясатын сындады.
"АКШ өкмөтүнүн Иран менен түзүлгөн көп тараптуу өзөктүк келишимден чыгып кетүү чечими эл аралык макулдашууларды тоготпогонун көргөздү", – деди Роухани.
Өзөктүк келишимге кол койгон Орусия АКШнын чечимин кескин сынга алып, бул Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды чыңалтышы мүмкүн экенин эскертти.
Кытайдын лидери Си Цзинпин да АКШнын чечимине өкүнүч билдирип, келишимди сактоо үчүн аракет кыларын айтты.
АКШ президенти Дональд Трамп өткөн айда Иран менен болгон өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгарын жана бул өлкөгө санкцияларын кайра жандантарын жарыялаган. Европа өлкөлөрү ошондон бери Иранды келишимди бузбай турууга үндөп келет.
Расмий Тегеран өзөктүк программасын тынчтык максатында гана иштеп чыкканын айтууда.