Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Бердымухаммедов абактагы 600дөн ашык кишиге ырайым кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Рамазан айындагы Кадыр түндүн урматына абактагы 600дөн ашык кишиге ырайым кылды.

Мамлекет башчы 8-июнда кол койгон жарлыкка ылайык, 611 жаран абактагы мөөнөтүнөн жана белгилүү бир аймактан чыкпай жашоо жазаларынан бошотулат.

Буга чейин "Азаттыктын" түркмөн кызматы президент соттолгон үч миңдей кишиге ырайым бере турганын, алардын ичинде "АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин «Хизмет» кыймылынын мүчөсү" деген айып менен түрмөгө кесилгендер да бар экенин жазган. Бирок азырынча абактагы "гүленчилердин" ырайым алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

Түркмөнстанда "Гүлен менен байланышы бар" деген айып менен соттолгондордун жалпы саны белгисиз. Айрым булактар 2016-жылы бул айып менен 30дан ашык киши соттолгонун билдиришкен. Башка маалыматтар боюнча алардын саны 50гө жакын.

Киши башына эсептегенде Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен абактагы адамдардын саны боюнча Түркмөнстан биринчи орунда турат. Бул өлкөдө бийликке Гурбангулы Бердымухаммедов келгенден кийин түрдүү майрамдарга байланыштуу мунапыс жарыялоо салтка айланып калды. Акыркы жолу президент быйыл 20-мартта, Нооруз майрамынын урматына абактагыларга ырайым берген.

XS
SM
MD
LG