Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Казакстан Орусиянын тоок фабрикаларынын азыктарына чектөө киргизди


Түркмөнстандагы тоок фабрика. Иллюстрациялык сүрөт.
Түркмөнстандагы тоок фабрика. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Орусиянын бир нече компаниясынын азыктарын киргизүүгө убактылуу тыюу салганын жарыялады. Министрликтин расмий сайтында мындай чечим мыйзам бузуу аныкталгандан кийин кабыл алынганы жазылган.

Маалыматка караганда, орусиялык төрт тоок фабрикасынын өндүрүмүнөн колиформ бактериялары жана сальмонелла табылган. Министрлик тарабынан азыктарына тыюу салынган компаниялардын ичинде колбаса чыгарган «Царицыно» ишканасы да бар. Казак тараптын маалыматына караганда, "тоок этинен жасалды" деген өндүрүмдөн чочконун ДНКсы табылган.

«Бул кырдаалды жөнгө салыш үчүн Казакстандын Айыл чарба министрлиги импорт кылган өлкөнүн тийиштүү органдарына кат жөнөттү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Бирок анда чектөөлөр качан алынары маалымдалган эмес.

Казакстандын мындай тыюусу расмий Москванын казак компанияларынын сүт азыктарына убактылуу чектөө киргизүү пландарына туш келүүдө. Буга чейин Орусия айыл чарба көзөмөл органы 1-июлдан тартып Казакстандын "Тайынша-Астык", "Деп" жана "Молпродукт" компанияларынын азыктарына тыюу салынарын билдирген. Мындай чечимди Москва Орусияга сүт ташууда алдамчылык схемалары аныкталганы менен түшүндүргөн.

Орусия да, Казакстан да соода-сатык, товар жүгүртүүнү жеңилдетиш үчүн түзүлгөн Евразия Экономикалык Биримдигине кирет. Орусия үстөмдүк кылган бул биримдиктин курамында Кыргызстан, Беларус, Армения өлкөлөрү да бар.

XS
SM
MD
LG