Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Кылмыштардын бирдиктүү реестри иштей баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кылмыштардын бирдиктүү реестри быйыл жыл этегине чейин ишке кирет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана электрондук китепти иштеп чыгуу боюнча өкмөттө жыйын өтүп, атайын жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул иштерди Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Натыйжада быйылкы жылдын 1-октябрына чейин кылмыштарды каттоого алган электрондук китепти, ал эми 20-декабрга чейин бирдиктүү реестрди ишке киргизүү тапшырылды.

Буга чейин кыйноонун жана милициядагы мыйзамсыз иштердин алдын алуу максатында бирдиктүү реестрди түзүү жана электрондук китепчени иштеп чыгуу маселеси көтөрүлгөн. (BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG