Улуттук банктын алтын-валюта резервинде 6,9 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын резервине Кыргызстандан өндүрүлгөн алтын сатып алынат.
Абдыгулов 2015-жылы төрт тоннадан ашык алтын болсо, акыркы эки жылда резервдеги алтындын көлөмү көбөйгөнүн маалымдады.
Ошондой эле Абдыгулов банк былтыр каржылык интервенциялардын эсебинен 2 миллиард сом киреше тапканын кошумчалады. (BkA)