Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда кармалгандар ачкачылык кармоону улантышууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда 56 соттолуучу тамактан баш тартып жатат. Алардын арасында оозун төөнөп алгандар да бар.
Өткөн аптадан бери ачкачылык кармагандар абактын ичинде тамак жасоого, чөнтөк телефон колдонууга уруксат берүүнү талап кылышууда. ЖАМК мындай талаптар соттолуучуларды кармоо талабына туура келбей турганын билдирген.
9-июнда Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ачкачылык жарыялагандар менен жолугуп, акцияга катышуудан баш тартууга чакырышкан эле. (BkA)