Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Жалал-Абаддын мэрлигине Мураталы Тагаев шайланды


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланды. Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында жергиликтүү депутаттар ушундай чечим кабыл алышты. Добуш берүүдө жыйынга катышкан 30 депутаттын 18и Тагаевге, ал эми 11 депутат “Ата Журт” фракциясынан көрсөтүлгөн Шайырбек Ташиевге добуш берген. Бир депутат “баарына каршы” добуш берген.

40 жаштагы Мураталы Тагаев буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келген.

Анын атаандашы Шайырбек Ташиев да шаардык кеңеште депутат. Ал “Ата Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Жалал-Абад шаарынын буга чейинки мэри Салайдин Авазов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG