2016-жылы 300дөн ашуун айыл өкмөтү текшерилди. Анда 80 млн. сомдук финансылык тартип бузуу аныкталганын бүгүн Эсеп палатасынын иши жөнүндө Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине отчет берип жатып анын жетекчиси Улукбек Марипов билдирди. Маалыматка караганда, 30дан ашык кылмыш иши козголду. Депутат Сайдулла Нышанов текшерүү, кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин, андай болсо кийин айыл өкмөттө эч ким иштебей каларын билдирди. Эл өкүлү алардын сабатын, сапатын жогорулатуу боюнча иштерди күчөтүүнү сунуш кылды.
Буга чейин Бишкек ЖЭБин оңдоого жумшалган каражат боюнча "жоопкерчилиги каралышы керек" деп эсептелген жетекчилердин арасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун да аты аталып жаткан. Бирок Марипов тиешелүү документтерди көрсөткөн соң ал тизмеге киргизилген эмес. (КЕ)