Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Экс-мэр Кулматовдун адвокаты шаардык сотко даттанды


Кубанычбек Кулматов.
Кубанычбек Кулматов.

Коррупцияга шектүү катары июндун аягына чейин камакка алынган Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча баш калаанын сотуна арыз жазылды. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, Кулматовду камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечими туура эмес болгон. Ошондуктан шаардык сотко экс-мэрди үй камагына чыгаруу өтүнүчү жиберилди. Арыз ушул аптанын ичинде каралышы күтүлүүдө.

Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. Алгач ага эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралган.

5-июнда Кулматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылып, андан соң 28-июнга чейин камакка алынган эле.

Тергөө Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.

Кулматов өзүнө тагылган айыпка макул эместигин айтып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG