4-6-июнь күндөрү Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүндө Түштүк Кореянын "Vision Care" кайрымдуулук фонду жакыр топторго багытталган акция өткөрдү.
Өлкөнүн ар тарабынан келген 529 бейтап акысыз текшерилип, 61 оорулууга көздүн катарактасын алуу боюнча операция жасалды. 100 оорулуунун көзүнө көз айнек тандалды.
Операциялардын ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт. (BCh)