Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:39

Грузия: өкмөткө каршы митинг уюштургандар кармалды


Тбилисидеги парламент имаратынын жанындагы митингдин катышуучулары менен полиция. 11-июнь, 2018-жыл.
Тбилисидеги парламент имаратынын жанындагы митингдин катышуучулары менен полиция. 11-июнь, 2018-жыл.

Грузияда өкмөткө каршы митинг кайра жанданып, "өлтүрбө" деген чакырык күчөп баратат. Полиция митингди уюштургандардын бири Звиад Куправаны, катышуучулардан дагы үчөөнү "бейбаштык кылды" деп кармап кетти.

Тбилисиде эки окуучунун өлүмү менен бүткөн мушташ боюнча 31-майда сот чечими чыккан. Бирок алардын бирин ким өлтүргөнү белгисиз бойдон калган. Буга күйгөн баланын атасы митинг уюштуруп, аны миңдеген адамдар дароо колдоду. Нааразылар өкмөт башчы жолуккандан кийин ага 10-июнга чейин тиешелүү адамдарды жазалап, кайра тергөө өткөрүү талабы коюлган.

Беш күн ичинде мушташка катышкан балдардын биринин атасы, прокуратурада жогорку кызматта иштеп, ошол мушташтан кийин кызматтан кеткен Мирза Субелиани, дагы бир киши кармалган. Аларга "далилдерди жашырган" деген айып тагылды. Бул митингчилерди ынандырган жок. "Башкы талап - уулумду өлтүргөн адамды жазалоо" деди Заза Саралидзе.

XS
SM
MD
LG