Линктер

бейшемби, 21-март, 2019 Бишкек убактысы 22:31

Аламүдүн районуна Алтынбек Намазалиев аким болду


Алтынбек Намазалиев. Сүрөт kbcity.kg сайтынан алынды.

Чүйдөгү Аламүдүн районунун акими болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Ал буга чейин районду башкарып келген Касымбек Чодуровдун ордун ээледи.

47 жаштагы Намазалиев буга чейин прокуратура тармагында иштеген. Ал Башкы прокуратурада өтө олуттуу иштер боюнча тергөөчү, Жайыл районунун прокурору болуп эмгектенген. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG