Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Меркел: Трамптын “Чоң жетинин” коммюникесине кол койбогону “капа кылат”


Германиянын канцлери Ангела Меркел АКШнын президенти Дональд Трамп менен "Чон жетинин" саммитинде сүйлөшүп жаткан учур. 9-июнь, 2018-жыл.
Германиянын канцлери Ангела Меркел АКШнын президенти Дональд Трамп менен "Чон жетинин" саммитинде сүйлөшүп жаткан учур. 9-июнь, 2018-жыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел АКШнын президенти Дональд Трамптын “Чоң жетинин” жыйынтыктоочу коммюникесине кол койбогону “капа кыларын” билдирди. Меркел мындай оюн жекшембиде ARD телеканалында сүйлөп жатып айтты. Канцлердин пикиринде, анын коммюникеге кол койбоо тууралуу чечимин "Твиттер" аркылуу билдиргени “көңүл иренжитет”. Немис канцлери Берлин документти “колдоорун жана эми ал кабыл алынып, мыйзамдык күчкө ээ экенин” белгиледи. Ал эми Трамптын чечими “кырдаалды татаалдаштырганы менен Түндүк атлантикалык өнөктөштүктү буза албай тургандыгын” кошумчалады.

Меркелдин сөзүнө караганда, азыркы шартта Евробиримдик “өз катарын чыңдап” жана “өз күчүнө гана ишениши” керек. Ал эми Орусияны “Чоң жетиге” кайра кабыл алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтып жатып, Меркел кризисти жөнгө салыш үчүн Батыш Орусия менен сүйлөшүүсү керектигин, бирок ал үчүн Москва Минск келишимин аткарышы зарыл экенин эскертти.

Бугч чейин эле АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн ортосунда эл аралык соода жүргүзүү боюнча пикир келишпестик пайда болгон.

Саммиттин жыйынтыгында документке “Чоң жетиге" кирген Франциянын, Британиянын, Германиянын, Италиянын жана Жапониянын лидерлери кол койгону маалымдалган.

XS
SM
MD
LG