Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

Данияр Абдыкаровдун Түркияда экени аныкталды


Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров.
Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаровдун Түркияга чыгып кеткени аныкталды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдирди. Ал Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыкканын, бирок өлкөдөн чыгыш үчүн уруксат албаганын билдирди.

Буга чейин ИИМ Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирген болчу. Маалыматка ылайык, Абдыкаров өлкөдөн сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксатын алышы керек болчу.

Генерал Данияр Абдыкаров - ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары. Буга чейин анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG