11-15-июнда нөшөрлүү жаан-чачынга айрым райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
12-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жамгыр жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Нарында түнкүсүн 7…12; күндүз 21…26.
12-июнда Бишкекте жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болот.