Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Бишкекте "Кызыл таблетка" сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат


Бишкектеги көчө көргөзмөлөрүнүн бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Бишкектеги көчө көргөзмөлөрүнүн бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Бишкекте кыргызстандык, казакстандык, орусиялык жана франциялык отузга жакын сүрөтчүнүн башын бириктирген "Кызыл таблетка" аттуу сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Майа Абдылдаева кабарлады.

Көргөзмөдө сүрөтчүлөр жана искусство адамдары ар кандай инсталляцияларды, сүрөттөрдү, фото жана видео чыгармаларды сунуш кылат. Алардын баарын "Мен киммин?" жана "Мен ким эмесмин?" деген идея бириктирет.

- "Кызыл таблетка" деген сөз айкашы белгилүү "Матрица" кинотасмасынын метафорасынан алынган. Анын жардамы менен адамзат үчүн эң маанилүү нерселерди массалык маданиятка сиңирүүнү максат кылабыз. Көргөзмөдө адамзаттын эстутумуна көңүл бөлүнүп, ал аркылуу киши өзүнүн ким экенин түшүнө алат деген идея берилген.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде 30-июнга чейин уланат. (KR)

XS
SM
MD
LG