11-июнда Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл аймагынын Ак-Жар айылында кечки саат алтыга жакын жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Бул тууралуу "Азаттыктын" Таластагы кабарчысы маалымдады.
Маалымат боюнча тактоо иштерин жүргүзүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүм башчысы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилери күтүлүүдө. (AlS)