Бүгүн Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугат. Экөөнүн көптөн бери күтүлүп жаткан бул жолугушуусу "тарыхый" деп мүнөздөлүүдө. Экөө тең аталган өлкөгө жекшембиде учуп барышкан.
Саммитке бир күн калганда Сингапурда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Сентоса аралындагы жолугушуу өтө турган мейманкана катуу кайтарылып жатат.
Бул саммитте расмий Пхеньяндын өзөктүк курал маселеси жана Корей жарым аралындагы денуклеаризация аракети талкууланганы турат.
Трамп бул саммитти Түндүк Корея үчүн "бир жолу гана берилүүчү мүмкүнчүлүк" деп атап, эгер Ким Чен Ын өзөктүк куралдан чындап баш тартам десе, аны "бир мүнөткө жетпей" билип коерун айткан.