Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Тбилисиде нааразылык акциясынын уюштуруучусу жана үч шериги кармалды


Звиад Курпава.
Звиад Курпава.

Тбилисиде өкмөткө каршы акциялардын уюштуруучуларынын бири жана үч катышуучусу камалды. Грузиянын Ички иштер министрлиги 11-июнда кабарлагандай, Звиад Курпава менен анын шериктери "бейбаштык кылды" жана "полицияга баш ийбей койду" деп айыпталып жатышат.

Грузияда өкмөткө каршы демонстрациялар 31-майда башталган. Буга декабрь айында эки өспүрүмдүн өлүмүнө шектүүлөр жарым-жартылай акталганы себеп болгон. Андан тышкары мушташка катышкан башка балдар, арасында Башкы прокуратурадагы жогорку кызматта иштеген кишинин уулу жоопко тартылган эмес. Ушундан улам өлтүрүлгөн өспүрүмдөрдүн биринин атасы Зара Саралидзенин нааразылыгы чоң акцияга айланып кетти.

Демонстрациялар 6-июнда токтоп, 10-июндан тартып кайрадан уланууда. Нааразылыкка чыккандардын баштапкы мүдөөсү башкы прокурорду кызматтан кетирүү болчу. Ал талап аткарылган. Толкуган эл өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылып, парламенттин алдынан кетпей жатат.

Саралидзе полиция кармап кеткен шериктерин тезинен бошотууну сурады.

XS
SM
MD
LG