Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Быйыл 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүү онлайн режимине өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылы 45 мамлекеттик кызмат көрсөтүү онлайн режимине өтөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде отчет берип жаткан учурда билдирди. Өкмөт башчы “Коопсуз шаар”, “Түндүк” долбоорлорун ишке ашыруу улана турганын айтты.

Кыргызстанда ири шаарларга жана кан жолдорго видеобайкоо орнотуу долбоору тууралуу маселе жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам утур-утур көтөрүлүп келет. Былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 900дөн ашык киши каза болгон.

Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынактар өтүп, бирок аны ишке ашыруу аягына чыкпай, улам үзгүлтүккө учурап келген. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушуна “Коопсуз шаардын” кеңейтилген формасы катары “Акылдуу шаар” долбоору иштелип чыккан. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG