Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Канатбек Исаевдин соту 21-июнга жылды


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бүгүн Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин ишин карады. Анда акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев күнөөсү жок экенин жана сот далилдерге көңүл бурбай жатканын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") алкагында кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

УКМК "Кыргызстан" партиясынын парламенттеги депутаты Канатбек Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Канатбек Исаев Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри болуп 2008-2010-жылдары иштеген. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG