Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:58

“Азаттыктын” Ашхабаддагы кабарчысына дагы бир кол салуу болду


Солтан Ачилова.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы – “Азатлык” радиосунун кабарчысы Солтан Ачиловага өткөн жекшембиде белгисиз эки киши кол салды. 69 жаштагы журналисттин өмүрүнө буга чейин да нечен жолу коркунуч жаралган.

9-июнда Ачилова Йолотен шаарындагы туугандарыныкына барган. Алардын биринин үйүнөн чыгып баратканда артынан калбай ээрчип жүргөн машинени байкаган. Жарым сааттан кийин үйдөн чыккан соң велосипед минген эки бейтааныш эркек анын жолун тороп, үйдүн ичинен эмнени сүрөткө тартып чыкканын көрсөтүүнү талап кылган. Журналист эч нерсе тартпаганын айткандан кийин эркектердин бири Ачилованы төшкө койгондо жерге кулап түшкөн.

Ошол эле күнү жергиликтүү полиция журналисттин туугандарынын машинесин алып барып камап, Ачилова Ашхабадга кеткенден кийин гана кайтарыларын эскерткен. Ачилова Йолотендеги туугандары анын журналисттик ишмердигинен улам ар кандай кысымга дуушар болуп жатканын айтты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG